МСЭКтер өткөн жылы майыптыгы бар адамдар үчүн 53 миңге жакын жеке реабилитациялоо программаларын толтурушту

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.
Анын айтымында, Министрлик тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптык көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө карата мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
“Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар системасында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана четтетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, жетекчилик курам 81% га жаңыртылды.
“Өкмөттүк акселераторлор-2023″ программасынын алкагында МСЭКтен өтүү үчүн зарыл болгон 10 маалымкат автоматташтырылган”, – деди ал.
Министрликтин системасында 27 МСЭК иштейт, алар майыптуулук фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү жүргүзүшөт, майыптуулуктун топторун, себептерин, мөөнөттөрүн аныкташат, чоңдор жана майыптыгы бар балдар үчүн жекече реабилитациялоо программаларын 12 айга иштеп чыгышат.
2023-жылы биринчи кезекте майып деп табылган жарандардын саны 13,8% га кыскарган. Жеке реабилитациялоо программалары майыптыгы бар 40,2 миң адамга толтурулган.
Балдар арасында майыптыгы бар адам деп табылган балдардын саны 1,4% га, биринчи болуп таанылган балдардын саны 15,5% га азайган. Отчеттук мезгилде майыптыгы бар жарандарды реабилитациялоонун жекече программасы майыптыгы бар 12,7 миң балага толтурулган.
инвалидностью.
Пайдалуу
Ссылкалар