Ар бир бешинчи кыргызстандык Эмгек министрлиги аркылуу кызмат алат

Өткөн жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган
жарандардын жалпы саны 1 млн 490 миңден ашуун адамды же республиканын калкынын 21% ке жакынын түзөт. Бул тууралуу Министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясында министр Гүлнара Баатырова маалымдады.
“Анын ичинде 607,4 миң адам жөлөк пул жана компенсация алышты. Жөлөкпулдарды жана компенсацияларды кошкондо 607,4 миң адам жөлөк пул алган. Иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу боюнча активдүү чаралардын аркасында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 16,5%га кыскарган. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун орточо өлчөмү 1359,4 сомду түздү. Ошол эле учурда бул жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн 91,3% электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.
Өткөн жылы бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алуучулардын саны 12,6%га өскөн. Бул жөлөкпул бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга 4000 сомдон төлөнөт, үч жана андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.
Жалпысынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 14 072,0 млн сом каржыланды,”-деди ал.
Возможно, это изображение 2 человека и текст
Пайдалуу
Ссылкалар