Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин мекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык коргоо Департаментинин директору Актан Балбаков билдирди.
“Күз-кыш мезгилинде Министрликтин социалдык стационардык мекемелерине 1542,9 тонна көмүр жеткирилген, бүгүнкү күндө көмүрдүн калдыгы 764,3 тоннаны түзөт. Бардык жеткирүүлөр муктаждыкка жана графикке ылайык жүргүзүлдү”, – деди ал.
Анын айтымында, Министрликтин системасында жалпысынан 76 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр иштейт. Анын ичинен 28 мекеме катуу отун менен жылытылат.
Катуу отун алууга республикалык бюджеттен 9 619,6 миң сом каржыланган.
. сом.
Возможно, это изображение 1 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар