Аялдардын миграция маселелери расмий статистикада дайыма эле чагылдырыла бербейт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова аялдардын эмгек миграциясына арналган тегерек столдо билдирди.
“Аялдардын миграция маселелери расмий статистикада дайыма эле чагылдырыла бербейт, Бул миграциялык процесстердин динамикасын жана аялдардын жумуштуулугун толук өлчөмдө талдоого, мигрант аялдардын эмгектик укуктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк бербейт.
Ошол эле учурда Эмгек министрлигинин саясаты мыйзамдуу ишке орношууга, жаңы кесиптик көндүмдөрдү жана билимдерди алууга, иштеп жаткан мезгилде жарандардын чет өлкөдө коопсуз жүрүүсүнө жардам берүүгө багытталган. Министрлик кетүүгө чейин консультацияларды уюштурат, 105 коомдук өкүл туруктуу негизде эмгек мигранттарына укуктук жана практикалык жардам көрсөтөт. Дүйнө жүзү боюнча 198 диаспоралык уюмдар менен кызматташуу уюштурулду”, – деп белгиледи министр.
Тегерек столдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Администрациясынын, мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы институтунун, диаспоралык бирикмелердин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар экономикалык теңсиздик, зомбулук, коопсуздук, саламаттыкты сактоо укугу, укук бузуу тобокелдигинин жогорулашы, анын ичинде аялдар менен балдарды биргелешип адаптациялоо маселелерин талкуулашты.
Гүлнара Баатырова ошондой эле эмгек миграциясы кандай тобокелчиликтерге алып келерин белгиледи.
“Кыска мөөнөттө аялдардын эмгек миграциясы үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берсе, келечекте ал өлкө деңгээлинде терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул ташталган жана энесиз чоңойгон балдар, аялдардын ден соолугунун бузулушу, бул саламаттыкты сактоо системасынан кошумча чараларды талап кылат. Бул бүгүнкү күндө адам сатуунун курмандыгы болуу жана келечекте социалдык камсыздоосуз калуу коркунучу», – деп белгиледи министр.
Иш-чараны КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун, Каритас-Франс жана Кыргыз Республикасындагы Солидарность борборунун колдоосу менен уюштурган.
Пайдалуу
Ссылкалар