“Социалдык контракт” программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, “Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

“Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү”, – деди ал.

Жылдыз Полотованын айтымында, жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1,4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Возможно, это изображение 1 человек
Пайдалуу
Ссылкалар