Эмгек министри Гүлнара Баатырова Ош шаарынын тургундарын онлайн кабыл алды

 

Бүгүн, 29-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарынын жарандарын онлайн кабыл алды.

Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Мамлекеттик жөлөк пул алуу, майыптар коляскасын алуу, “жеке ассистент” кызматын тариздөө, камкордукка алуу маселелери айтылды.

Гүлнара Баатырова бардык маселелер боюнча түшүндүрмө берип, көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмаларды берди.

Пайдалуу
Ссылкалар