Эмгек министрлигинин балдар үчүн ишеним телефонуна ар бир жети-сегиз мүнөт сайын чалышат

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Балдар үчүн ишеним телефону 111” ыкчам кызматынын борборунан билдиришкендей, 2023-жылы 77,1 миңден ашык телефон чалуулары түшкөн.

Бул күнүнө 211 чалуу же жети-сегиз мүнөт сайын чалуу.

Ошол эле учурда балдардан чалуулар 30% гана түзөт, калганы ата-энелерден.

Чалгандарга социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүү, баланы тарбиялоо жана жүрүм-турум, мектеп рэкети ж. б. маселелер боюнча жардам талап кылынган.

Ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди, зарыл болгон учурда кайрылуу компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.

Пайдалуу
Ссылкалар