Эмгек министри Гүлнара Баатыровага кантип кайрылса болот

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин жетекчиси Гүлнара Баатырова ар жума күнү саат 09.00дөн 11.00гө чейин жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, министр бүгүн кайрылган  жарандарды кабыл алды.Алардын арасында улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар.  Кайрылгандарга жөлөкпулдар, “Социалдык контракт” программасына катышуу, майыптыгы бар адамдарды колдоо,  ж.б. маселелер боюнча кеңештер берилип, зарыл болгон учурда тиешелүү бөлүмдөргө ишке ашырууга өткөрүлүп берилди.

Министрдин орун басарлары да жума сайын кабыл алууларды өткөрүп турушат. Министрге же орун басарларга жазылуу үчүн коомдук кабылдамага чалуу керек.

Ошону менен бирге Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар кандай форматта – жеке кабыл алуу, коомдук кабылдама, онлайн коомдук кабылдама, социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган.

Министр Гүлнара Баатырованын жетекчилигинин алдында жана жеке катышуусу менен WhatsApp топтору түзүлүп, министр өзү жана орун басарлары, түзүмдүк-ведомстволук бөлүмдөрдүн, республика боюнча аймактык башкармалыктарынын жетекчилери  отуруп, жөлөкпулдар, төлөмдөрдүн башка түрлөрү боюнча, министрликтин кызматтары боюнча келип түшкөн суроолорго өз убагында жооп берип жатышат.

Пайдалуу
Ссылкалар