Эмгек министрлиги жана ЕККУнун кеңсеси миграция жана майыптардын укуктарын илгерилетүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планына кол коюшту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Кыргыз Республикасындагы Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Программалык Кеңсесинин башчысы Алексей Рогов миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды илгерилетүү жаатындагы маселелерди чечүү боюнча өз ара аракеттенүү планына кол коюшту.

Министрдин айтымында, документ бир катар өлкө документтерин жана эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

“Бул пландын иш-чаралары БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Улуттук Кеңештин колдоосу аркылуу майыптыгы бар адамдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүгө багытталган. Бул абдан маанилүү, анткени быйыл Кыргызстанда майыптык жалпы калктын 3%дан ашыгын түзөт.

Ошондой эле аялдардын лидерлигин илгерилетүү, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү жаатындагы чаралар биргелешип ишке ашырылат. 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планынын алкагында биз биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциялык программанын алдыңкы инспекторлорун даярдоону баштадык.

Адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин дараметин жана квалификациясын жогорулатуу боюнча пункттар ЕККУ менен иш планынын маанилүү бөлүгү болуп калды. Миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы координацияны жана кызматташууну жакшыртуу пландаштырылууда”, – деди Гүлнара Баатырова.

Тараптар белгилегендей, иштелип чыккан план Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планын жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

Иш-чарага ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча департаментинин башчысы Кристофер Блэр, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешчи Амир Ишматов, адам укуктары боюнча улуттук кеңешчи Инна Рахманова катышты.

                                     

Пайдалуу
Ссылкалар