Эмгек министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү менен жолукту

Кечээ, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту.
Жолугушууда 2024-жылдын март айында Нью-Йорк (АКШ) шаарында өткөн БУУнун Аялдардын абалы боюнча Комиссиясынын 68-сессиясына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын катышуусунун жыйынтыктары жөнүндө жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоодогу мамлекеттик программаны ишке ашыруу туурасында сүйлөшүлдү.
Ошондой эле Эл аралык документ, Пекин+30 ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын отчетун даярдоо пландалып, Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда министр Гүлнара Баатырова БУУнун Кыргыз Республикасындагы Аялдар өкүлчүлүгүнө өлкөдөгү гендердик теңчиликке жетишүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

 

Пайдалуу
Ссылкалар