Эмгек министрлиги: Санариптештирүүнүн алкагында 255 жумушчу орун түзүлдү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова аймактардагы аялдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымында, бул долбоор санариптик платформаларда окутуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу айыл тургундарынын, өзгөчө жаштардын жана аялдардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.
«Азыр дүйнөдөгү эң популярдуу 3 тилдин бири болгон Python программалоо тили кыргыз тилинде жеткиликтүү. Ошондой эле, долбоордун негизги жетишкендиктеринин бири болуп жаштар үчүн стартаптар конкурсу болуп, анын жыйынтыгында өлкөнүн бардык аймактарынан 10 санариптик стартап долбоорлор каржылык колдоо алды. Натыйжада 255 жумушчу орун түзүлдү», – деди ал.
Жылдыз Полотова ошондой эле эмгек рыногуна киргизип жаткан санариптештирүү процесстерине токтолду.
«Министрлик ишке орноштуруу кызматтарынын ишин автоматташтыруу үчүн компьютердик программа болгон “Эмгек рыногунун маалыматтык тутумун” ишке киргизди. Бүгүнкү күндө иш издеп жүргөн 96 миң жаран эмгек рыногунун маалыматтык системасынын каттоосунда турат. Ар бири үчүн деталдуу эсепке алуу системасы жүргүзүлөт жана иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар жазылат.
“Занятость.kg” маалымат порталы интеграцияланган, ага жумуш издөөчү катары катталып, бош жумуш орундар тууралуу маалымат ала алышат, кесипке багыт берүү тесттеринен өтүүгө болот, калькулятордун жардамы менен, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды эсептөөгө болот.
Ошондой эле жумуш берүүчүлөр бош жумуш орундарын онлайн тапшыра алышат жана иш берүүчүнү расмий иш үчүн текшергенден кийин, бош орундар порталга жарыяланат. Өркүндөтүлгөн вакансиялар банкы жана резюме банкы аймак, район, кесип ж.б.у.с. боюнча бош орундарды издөөгө мүмкүндүк берет», – деди ал.
“Санарип Инсан” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасында эксперттик багыттардын жетекчилери жана долбоордун аткаруучулары, мамлекеттин өнүктүрүү институттарынын, бизнес жана билим берүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар