Кыргызстан ЭЭУнун жумуш ордунда зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча №190 Конвенциясын ратификациялады

Тиешелүү жарлыкка КР Президенти С.Н. Жапаров кол койду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бул ченемдик укуктук акт менен тааныштыруу иш-чарасында билдирди.
Бул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн мындан аркы иш-аракеттерди талкуулоого КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, профилдик министрликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын, Тилектештик борборунун өкүлдөрү, журналисттер, эксперттер катышты.
” Бул Конвенцияны ратификациялоо эмгек мамилелери чөйрөсүндө зордукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү минималдаштырууга жана андан ары болтурбоого тиешелүү аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Документ жумуш ордунда коопсуздукту жана теңчиликти камсыздоого, адилеттүү жана коопсуз эмгек мамилелери үчүн шарттарды түзүүгө багытталган”, – деди Гүлнара Баатырова.
Пайдалуу
Ссылкалар