Кыргызстан КМШда биринчи болуп эмгек чөйрөсүндө зомбулук жана ыдык көрсөтүүгө каршы ЭЭУ Конвенциясын ратификациялады

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров кол койгон “Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190-Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамы менен таанышуу, ошондой эле ишке ашыруу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулоо боюнча иш-чарада билдирди.
“Эл аралык профсоюздар конфедерациясынын маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча жумушчулардын орточо эсеп менен 40-50% куугунтукка кабылышат. Кыргызстанда КР сот-аялдар ассоциациясынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ар бир төртүнчү аял жогорку окуу жайларында жана жумуш орундарында зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө кабылган.
Бул көйгөй депрессияга, жумушсуз калууга жана башка терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы, учурда өлкөдө аялдарды жумуш ордунда куугунтуктоодон коргоонун эффективдүү механизмдери жок.
№190 Конвенциянын ратификацияланышына байланыштуу бир катар мыйзамдарга толуктоолор киргизилиши күтүлүүдө. Тагыраагы эмгек кодекси, кылмыш-жаза кодекси ж.б” , – дейт Жылдыз Полотова.
Анын айтымында, эмгек инспекциясына зомбулук жана кысым көрсөтүү иштерин кароого укук берүү жана мындан аркы чаралар боюнча анын функцияларын кеңейтүү керек болот.
Пайдалуу
Ссылкалар