Эмгек министрлиги- Япониянын элчилиги менен БУУ ДАТП аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүгө багытталган келишимге кол коюшту

 

2024-жылдын 9-мартында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года мырза менен БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору Кожиро Накай мырзанын катышуусунда үч тараптуу жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кыргызстанга эл аралык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында калктын аялуу катмарына азык-түлүк жардамы аркылуу өзүн-өзү камсыздоону колдоо боюнча долбоорго кол коюу аземи болду.

Кол коюлган келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган  тургундарына инфратүзүмдөрдү камсыз кылуу, импортко көз каранды болгон азык-түлүктү (ун, өсүмдүк майы ж.б.) берүү, өз кесибинде, ишкердикте, ошондой эле айыл чарбасында квалификациясын жогорулатуу аркылуу жардам көрсөтүү үчүн жана республика боюнча “Социалдык контракттын негизинде жардам көрсөтүү” программасынын катышуучулары үчүн окутууларды өткөрүүгө 3,5 миллион доллар бөлүнөт.

Өз сөзүндө министр Гүлнара Баатырова Япония өкмөтүнүн жана БУУнун системасынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бул долбоор калктын аялуу катмарынын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган жана туруктуу экономикалык көз карандысыздыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошону менен өлкөдөгү экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кылат. Буга чейин Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда өрүк майын өндүрүү боюнча, Нарын облусунда дары чөптөрдү кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”.

Возможно, это изображение 3 человека

 

Пайдалуу
Ссылкалар