Эмгек министрлиги: Бир жылда 3,7 миң бала оор абалдан чыгарылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы отчеттук маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө боюнча 5,9 миң бала оор абалда экени аныкталган.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдар-бул ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан, иштеген жана эмгектин эң начар формаларына тартылган, кароосуз калган, мыйзам менен чатагы бар, зомбулукка кабылган ж. б. балдар.
Аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер 62,1% балдарды же 3,7 миңин турмуштук оор кырдаалдан чыгарышты, калгандары боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Пайдалуу
Ссылкалар