«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын февраль айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын февраль айында 2890 телефондон кайрылуу (бир суткада 99 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 213 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 37 же 17,4% жаш балдар, ал эми 176 же 82,6% чоң кишилер), 181 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 17 абонентке психологиялык консультация берилген, 15 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
213 чалуунун ичинен: эркектерден – 44 (20,7%), аялдардан – 132 (62,0%), эркек балдардан – 16 (7,5%), кыздардан – 21 (9,8%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 74 (балдар 0);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 40 (балдар 5);
– психологиялык жабырлануу менен – 17 (балдар 12);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 13 (балдар 3);
– билим берүү системасы жөнүндө – 13 (балдар 2);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 12 (балдар 8);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 12 (балдар 0);
– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 1);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 7 (балдар 4);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 7 (балдар 0);
– башка маселелер боюнча – 4 (балдар 2);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 0).
2677 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 54 (25,3%);
– Чүй облусунан – 40 (18,8%);
– Жалал – Абад облусунан – 21 (9,8%);
– Ош облусунан – 19 (8,9%);
– Ысык- Көл облусунан – 14 (6,6,%);
– Баткен облусунан – 13 (6,1%);
– Талас облусунан – 8 (3,8%);
– Нарын облусунан – 7 (3,3%);
– Ош шаарынан – 4 (1,9%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 33 (15,5%).