Эмгек министри Гүлнара Баатырова БУУда Кыргызстандагы аялдардын абалы тууралуу баяндама жасайт

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын жетектеди.

Дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн келген профилдик уюмдардын делегаттары гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, институттарды бекемдөө жана гендердик факторлорду эске алуу менен каржылоо аркылуу бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова аялдардын жана кыздардын абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү жаатында жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө баяндама жасайт.

Аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштарды жана пикирлерди алмашууга Кыргызстандын БУУдагы Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, Акыйкатчы Жамиля Джаманбаева, финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева катышууда.

Возможно, это изображение 9 человек, люди учатся, отдел новостей и текст «KYRGYZSTAN»
Пайдалуу
Ссылкалар