Эмгек министрлиги: 927 социалдык кызматкер 9,6 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 927 социалдык кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.
Социалдык кызматкерлер жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылууга жана басып-турууга кудурети чектелишинен улам негизги турмуштук муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар адамдарды үйүнө барып тейлешет.
Ар бир социалдык кызматкер башкарманын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга барат.
Башкармалыктын социалдык кызматкерлери үйүнө барып социалдык жактан тейлөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жардамга муктаж адамдын кошуналарынын жана жакын адамдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу зарыл.
2024-жылдын 1-мартына карата 927 социалдык кызматкер 9686 адамды үйүнө барып социалдык кызмат көрсөтүшөт. Анын ичинен:
– жалгыз бой кары-картаңдар-3664;
– майыптыгы бар адамдар-2108;
– жубайлар-273;
– турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары-3641.
Пайдалуу
Ссылкалар