Эмгек министрлиги: Үстүбүздөгү жылдын эки ай ичинде 26,3 миң бала “Балага сүйүнчү”бир жолку төлөмүн алышты

2024-жылдын 1-мартына карата «Балага сүйүнчү» бир жолку төлүмүн 26 377 бала алышты, ал үчүн  105,6 млн.сом каржыланды.

Министрликтен билдиришкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт.

Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.\

Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке  түшөт.

Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта  алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

 

Эскертүү: жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар