Кыргызстанда аялдардын жакырчылыгын жоюу боюнча комплекстүү чаралар киргизилүүдө

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Нью-Йорк шаарында БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясында билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча № 190 Конвенциясын ратификациялаган, 7-мартта 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилген. Бул 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибинин алкагында №5 максатына карай дагы бир кадам болуп саналат.

Өлкөдө 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия, 2026-жылга чейин аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программа ишке ашырылууда. Бул документтер жынысына карабастан ар бир адам өзүнүн өнүгүүсү жана республиканын саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна катышуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адилеттүү, тең укуктуу коомду курууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

Гүлнара Баатырова Кыргызстанда аялдар ишкердикте маанилүү роль ойноорун, айыл чарба, билим берүү жана инновация, саламаттыкты сактоо жана туризм, кызмат көрсөтүү жана кол өнөрчүлүк сыяктуу тармактарда бизнес менен алектенип, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө жана жашыл экономиканы киргизүүгө активдүү катышып жатканын баса белгиледи.

“Жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Социалдык контракт” демилгесине катышат, катышуучулардын 92%ын айыл жергесиндеги аялдар түзөт. Майыптыгы бар балдардын энелери жеке ассистент катары акы алышат, бул алардын пенсиялык камсыздоосуна укук берет.

Ошол эле учурда аялдардын жакырчылыгын чечүү комплекстүү чараларды кабыл алууну талап кылат: билим берүү, балдарды багуу боюнча кызмат көрсөтүү, акы төлөнүүчү үй жумуштары, аялдарды ишке орноштуруу, заманбап санариптик технологияларга жетүү, чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде катышуу, гендердик зомбулукка жана басмырлоочу социалдык ченемдерге жана стереотиптерге каршы күрөшүү”, – деп белгиледи министр.

Пайдалуу
Ссылкалар