Эмгек министри Гүлнара Баатырова Кыргызстан жана АКШ студенттеринин ортосундагы өнөктөштүк программаларын талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Студенттик билим берүү аркылуу тоолуу аймактардагы аялдарды жана кыздарды коргоо” иш-чарасына катышты.
Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Непалдын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Тоо Өнөктөштүк катчылыгы жана Юта өрөөнүнүн университети менен биргеликте  уюштурулуп, тоолуу аймактардагы аялдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоодо билим берүүнүн ролуна, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен тоолуу Юта штатындагы академиялык мекемелердин ортосундагы өнөктөштүк программаларындагы студенттердин ишмердүүлүгүнө арналган.
Гүлнара Баатырова Кыргызстан 1998-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) тоо күн тартибин илгерилетип келе жатканын белгиледи.
“Алардын эң акыркысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык мезгили деп жарыялоо боюнча резолюциясы болуп саналат.
Бул демилге тоолуу аймактардын көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерине жаңы дем берүү максатында иштелип чыккан.
Аталган 5 жылдын ичинде тоолуу өлкөлөрдөгү өнүгүүнүн ар кыл багыттарына, анын ичинде жаштардын, атап айтканда, тоодогу аялдардын жана кыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурулат.
Тоолуу аймактардан келген студенттер кесипкөй өсүү тажрыйбасын алышат жана алардын жашоо шартын практикалык жактан жакшыртуучу окутууга багытталган атайын программалар менен ишке ашырышат”, – деди ал.
Бул иш-чарага Тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы тобуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, Юта өрөөнүнүн университетинин, ошондой эле Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери, Кыргызстандын БУУдагы Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева катышышты.
Пайдалуу
Ссылкалар