Эмгек министрлиги: Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2% га азайды

2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Ошол эле учурда өткөн жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 % азайды.
Министрлик эмне үчүн айрым балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экенин түшүндүрдү. Негизги себептери:
– ата-энесинин өздүгүн тастыктоочу документтеринин жоктугу;
– балдардын медициналык мекемелерден тышкары, үй шартында төрөлгөндүгү;
– ата-энелердин туруктуу каттоосунун жоктугу;
– ата-энелердин жоопкерчилиги жоктугу;
– балдардын ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калуусу.
Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан балдарга күбөлүктөрүн алууга көмөк көрсөтүлөт:
– баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгүн алып берүүгө көмөктөшүү,
– баланын төрөлгөндүгүнүн фактысын аныктоо боюнча сотко доо арыз берүү жана соттук процесске катышуу,
-ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгы боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнүч менен кайрылуу,
– ата-энелердин өздүгүн тастыктоочу документтерин алып берүү, ж.б.
Возможно, это изображение отрывной талон, деньги и текст
Пайдалуу
Ссылкалар