«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын март айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1 – 8 – мартына чейин 1170 телефондон кайрылуу (бир суткада 167 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 46 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 7 же 15,2% жаш балдар, ал эми 39 же 84,8% чоң кишилер), 39 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 6 абонентке психологиялык консультация берилген, 1 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

46 чалуунун ичинен: эркектерден – 12 (26,1%), аялдардан – 27 (58,7%), эркек балдардан – 3 (6,5%), кыздардан – 4 (8,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 16 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 10 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 6 (балдар 3);

– билим берүү системасы жөнүндө – 4 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 3 (балдар 3);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 2 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 2 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 1 (балдар 0).

1124 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 11 (24,0%);

– Чүй облусунан – 13 (28,3%);

– Жалал – Абад облусунан – 6 (13,0%);

– Ысык- Көл облусунан – 5 (10,8,%);

– Ош облусунан – 2 (4,3%);

– Нарын  облусунан – 1 (2,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 8 (17,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар