Эмгек министрлиги: 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын декабрь айында чыккан Жарлыгынын негизинде, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдан тартып электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектелген учурда 1 кВт саатына 50,0 тыйын жеңилдик каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 75 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти албагандыгынын негизги себептери: үй-бүлөлөр батирде жашагандыгына байланыштуу, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугу, дача аймактарында жашагандар (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашаган үй-бүлөлөр кездешет (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар).
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигинин аймактык башкармалыктары тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пайдалуу
Ссылкалар