Эмгек министрлигинин 130дан ашык кызматкери жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты

Бүгүн, 23-мартта, ведомствонун кызматкерлери КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймагын, ошондой эле Махатма Ганди жана Баялинова көчөлөрүнүн кесилишинде бекитилген аймакты тазалоо боюнча көп иштерди аткарышты . Иш-чарага министр Гүлнара Баатырова, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Тартипти жана тазалыкты сактоо максатында аталган аймактарда таштандылар , арыктар тазаланды.
Эске сала кетсек, борбор калаада 11-марттан 11-майга чейин Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.
Пайдалуу
Ссылкалар