Эмгек министрлиги: Аксы окуяларында каза болгон жана жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрүнө  жөлөк пул кайра эсептелди

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Ушул жылдын март айында 20 алуучуга ведомство кайра эсептөө менен 186,9 миң сом төлөп берген.

Пайдалуу
Ссылкалар