Эмгек министри Гүлнара Баатырова жаңы үй-бүлө кодекси тууралуу айтып берди

 

Бүгүн, 27-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Улуттук Илимдер Академиясында өткөн тегерек столдо сөз сүйлөп, үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясынын долбоору тууралуу маалымат берди.

Бул редакция Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан, бул министрдин айтымында, учурдун маанилүү талабы болуп саналат.

«Үй-бүлө мыйзамдарын өркүндөтүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы Концепциясын” ишке ашыруу менен шартталган.

Концепцияга ылайык, үй – бүлөнүн башкы милдети-терең жана ар тараптуу руханий-адеп – ахлактык негиздерди түптөө, жарандык-патриоттук сезимдерди өнүктүрүү үй-бүлө кодексин иштеп чыгууда үй-бүлөнү колдоого жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, анын ичинде салттуу үй-бүлө институтун сактоого, үй-бүлөлүк жашоого мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоого, ата-энесинин камкордугусуз калган балага үй-бүлөлүк чөйрөнү камсыз кылууга көңүл бурулган”, – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн илимий кызматкерлерден, эксперттерден, мугалимдерден, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнөн жана профилдик министрликтердин кызматкерлеринен турган эксперттик-техникалык жумушчу топ түзүлгөн. Редакциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык макулдашууларга ылайыктуулугу боюнча талданды.

Эксперттер сунуш кылган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси Үй-бүлө кодексинин долбоору менен интеграцияланды. Тактап айтканда, Балдар жөнүндө кодексинде каралган ата-энесинин көзөмөлчүлүгүнөн ажыраган балдарды тарбиялоонун формалары (камкордук (көзөмөлчүлүк), бала асырап алуу) Үй-бүлө кодексинин долбоорунда каралды.

Ал эми, турмуштук оор кырдалда турган балдарга карата көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар тууралуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорунда эске алынган.

Пайдалуу
Ссылкалар