Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова 2024-жылга карата социалдык контракт долбоорун тандоодогу критерийлерди атады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлери үчүн 2024-жылга социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча окууларды уюштурду.
Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, үстүбүздөгү жылы Министрлик 20 миң аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүүнү көздөп жатат.
“Өткөн жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча өз ишин ачууга кайтарымсыз гранттарды берүү аркылуу демилгесинин натыйжалуулугун көрсөттү. Мамлекет менен социалдык контракт түзгөн 12 800 үй-бүлөнүн, 23 үй-бүлөсү жүйөлүү себептер менен программага катышуусун үзгүлтүккө учураткан.
Калган катышуучулар тарабынан 18 миңге жакын жумуш орду түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшыртылды”, – деди ал.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды ишке ашырылган бизнес-долбоорлордун мониторингинин жыйынтыктары менен тааныштырып, ишмердүүлүктүн кирешелүү багыттары, биринчи кезекте айыл чарбасындагы, мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымдашты.
Тренингдин катышуучуларына сунушталган социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык нускамалар, мониторинг жана баалоо боюнча нускамалар окутуунун маанилүү пункту болуп калды.
Министрдин орун басары долбоорлорду тандоодо туруктуулук, киреше алуунун туруктуулугу, продукция сатуу рыногунун болушу, мал чарба тармагында гана эмес, ар кандай тармактарда бизнес ачуу сыяктуу критерийлерге өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ошондой эле долбоорлорду тандоо жана алардын аткарылышын мындан ары көзөмөлдөө үчүн жооптуу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу комиссияларынын ишинин сапатын жогорулатуу милдети коюлду.
Пайдалуу
Ссылкалар