Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды коргоо жаатында эки жылдык кызматташуу планына кол коюшту

Бүгүн, 27-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн убактылуу м.а. Кристина Бружиоло 2024/2025-жылдарга карата эки жылдык иш планына кол коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Биздин өнөктөштүк балдардын жашоосун жакшыртуу жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жалпы максаттарга жетүүдө негизги ролду ойнойт. Биргелешип иштөө бизге бардык балдардын билим алуусуна, саламаттыкты сактоого жана социалдык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган эң натыйжалуу стратегияларды жана саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Биз балдарга карата зомбулукка жана аларды эксплуатациялоого каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин өлкө зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык базаны жана механизмдерди чыңдоо боюнча жигердүү иштеп жатат”, – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы ЮНИСЕФ менен узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, балдар үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн биргелешкен аракеттерге даяр экени айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар