Эмгек министринин орун басары ЖККУнун “Нелегал” аймактык операциясынын Эл аралык штабынын жыйынына онлайн режиминде катышты

2024-жылдын 29-мартында Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин катчысы, Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Л.Казакованын төрагалыгы астында видеоконференция аркылуу ЖККУнун “Нелегал” аймактык операциясынын Эл аралык штабынын жыйыны өттү.
Бул жыйынга Кыргыз Республикасынан “Нелегал” эл аралык операциясынын Улуттук штабынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт катышууда.
Эл аралык штабдын жыйынында 2024-жылы “Нелегал” операциясын өткөрүү планы каралып, макулдашылды.
Ошондой эле, жыйындын катышуучулары операцияны (эл аралык координациялык штаб, улуттук штаб, ошондой эле байланыш системалары) жайылтуу жана башкаруу тартибин бекитишти.
Возможно, это изображение 3 человека и текст
Пайдалуу
Ссылкалар