Эмгек министрлиги “Крокус Сити Холл” залында эрдик көрсөткөн кыргызстандыктарга Ардак грамоталарды тапшырды

Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана каармандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары Халилов Ислам Бактияровичке, Бакытбеков Рустам Бактыбековичке, Каныбеков Белек Курманбековичке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин атынан Ардак грамоталарды Министрликтин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкүлчүлүктүн жетекчиси Министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, ошондой эле алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ислам Халиловдун, Рустам Бактыбековдун жана Белек Каныбековдун эрдиги, чыныгы эр жүрөк жана татыктуу муун өсүп келе жатканын ырастай турганын белгиледи.
Аларга чың ден-соолук, жашоодо ийгиликтерди каалап, бул баатырдык сапатты эч качан жоготпоого кеңеш берди.
Пайдалуу
Ссылкалар