Эмгек министрлигинин башчысы Гүлнара Баатырова: социалдык контракттын катышуучуларын тандоодо маанилүү критерийлер – долбоорлордун туруктуулугу жана кирешелүүлүгү

28-март күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 2024-жылы “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, мэрлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн онлайн тренингди ачты.
Мал чарбасында өз бизнесин жүргүзгөн катышуучуларды республиканын бардык региондорунда филиалдары бар Малчылар ассоциацияларына “байлоо” керек. Ошентип, “кураторлук коштоо” жаңыдан иш баштаган ишкерлерге бизнес жүргүзүү маселелеринде көмөк көрсөтөт, деди ал.
Министр белгилегендей, социалдык контракт программасынын катышуучуларын тандоодо бизнестин киреше алып келүүчү, ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу багыттарына көңүл буруу зарыл.
Пайдалуу
Ссылкалар