Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Социалдык контракттын эң ийгиликтүү долбоорлору товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишке ашырылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлерин “Социалдык контракт” программасынын катышуучуларын тандоо критерийлери боюнча окутуу уюштурду.
Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова катышуучуларды 2022-2023-жылдардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун анализинин жыйынтыктары менен тааныштырды.
“Талдоо көрсөткөндөй, өткөн жылдардагы айыл чарба тармагынан тышкары катышуучулар башка багыттарды, атап айтканда оюн – зоок индустриясын, бильярд, балдар үчүн оюндарды жана башка долбоорлорду тандай башташты. Мындай долбоорлорду, ошондой эле ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү тармагындагы долбоорлорду колдоого көңүл буруу маанилүү.
Өндүрүш чөйрөсүндөгү долбоорлор кыйла туруктуу жана кирешелүү болуп, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди. Эки жылдын ичинде эле 18 миңден ашык жумуш орундары түзүлгөн, бул Программанын катышуучуларынын өздөрүнүн күчү менен муктаж болгондорго кошумча колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Ошондуктан, сунушталган долбоорлордун натыйжалуулугун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө консультациялык колдоону аныктоо үчүн катышуучуларды тандоо комиссиясынын курамына бизнес өкүлдөрү киргизилиши керек”, – деди ал.
Тренингдин катышуучуларына 2024-жылга арыздарды тандоо боюнча комиссиялар кантип түзүлүшү жана иштеши керектиги түшүндүрүлдү. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү механизмине өзгөчө көңүл бөлүндү, ал биринчи жылы квартал сайын, андан кийин жарым жылда бир жолу жүзөгө ашырылат.
Пайдалуу
Ссылкалар