Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кенже кызмат орундарын элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы  кенже кызмат орундарын  элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак  жарыялайт:

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

 жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

— иш стажы талап кылынбайт.

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын балдар жөнундө Кодекси
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны ;
  • негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

Документтер  2024-жылдын апрель айынын 5 – 18-  апрелине  чейин саат 8.30-17.30 чейин кабыл алынат. Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов  райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. 

Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 51-9-81              

Пайдалуу
Ссылкалар