Түп райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Түп райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы  кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже  топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак  жарыялайт 

(Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн адиси)

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

Жалпы Мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Предметтик мыйзамдарды билүү

  1. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

– билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Сынакка  катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, газетага чыккан күндөн баштап он  жумушчу  күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл облусу, Түп району,Түп айылы, Элебаев  көчөсү  №62. Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы.

Сурап билүү  тел.:(03945) 2-45-53

Пайдалуу
Ссылкалар