“Хаобочунскан” протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы менен кызматташууга кол коюлду

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагындагы Республикалык протездик ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчүдөгү “Хаобочунскан” протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы директору Ван Чэнсян ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга кызмат көрсөтүүдө кызматташуу алкагында меморандумга кол коюшту.
Бул Меморандумдун максаты маалымат алмашуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кызмат көрсөтүүдө кызматташуу жана кайрымдуулук иштерин өнүктүрүү болуп саналат.
Пайдалуу
Ссылкалар