Ашканадан киреше тапкан Гүлмира Рахатбек кызы
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн тургуну Рахатбек кызы Гүлмира 2023-жылы социалдык келишимдин негизинде “Ашкана ачуу үчүн” долбоорун жазып, 100 000 сом акча каражатын алып, өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга даамдуу тамак-ашы менен кызмат көрсөтүп, жакшы киреше таап, жемишин көрүүдө.
2024-04-09