«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын I – кварталынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын I – кварталынын иши тууралуу маалымат
Борбордун психолог – кызматкерлери:
– телефон аркылуу күнү – түнү кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);
– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын I – кварталында (январь – февраль – март) 15687 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 172, бир айда 5229 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 589 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 119 (20,0%) жаш балдар, ал эми 470 (80,0% чоң кишилер), 484 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 54 абонентке психологиялык консультация берилген, 51 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
589 чалуунун ичинен эркектерден – 127 (21,6%), аялдардан – 343 (58,2%), эркек балдардан – 44 (7,5%), кыздардан – 75 (12,7 %).
193 (балдар 0) же 32,8% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт, майыптыгы, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул чектөө жана төлөө, жеке ассистенттин кызматы, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, бала асырап алуу, майыптыгы бар адамдарга жол киреге жеңилдик, майыптыкты узартуу, жумушсуздук боюнча окуу стипендияны төлөбөй койгондук, баланы убактылуу борборго орноштуруу, эмгек укугу бузулган учур жөнүндө кайрылышкан.
98 (балдар 11) абонент же 16,6% чалып, финансылык, гуманитардык, үй берүү, балдарды издөө, бейтааныш адамдардын коркутуусу жөнүндө, психологдун, юристин, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.
Психологиялык жабырлануудан 53 (балдар 38) же 9,0% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна ата-энесине таарыныч, депрессия, сүйүүнүн жоктугу, капалануу жана тынчсыздануу, жаңжалдар, жалгыздык, коркунуч, стресс, апатия, өзүнө нааразы болуу, өзүн-өзү сындоо, социофобия, тынчсыздануу, ажырашуу, жашоодогу кыйынчылыктар себеп болгон.
42 (балдар 16) кайрылгандар же 7,1% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө суроолор түзгөн. Балдар ата – энеси, агасы, эжеси, достору, классташтары, теңтуштары менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, окуудагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылган.
Билим берүү системасы жөнүндө 40 (балдар 7) же 6,8% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге, бала бакчага даттанган, ЖРТ жөнүндө сураган.
Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 34 (балдар 4) же 5,8% абонент чалган. Буларга ата-энеси, аял – күйөөсү, мурунку күйөөсү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, баласы менен жолугууга тыюу салуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү себеп болгон.
28 (балдар 8) же 4,8% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй энеси, агасы, тайжеси, тайкеси, теңтуштары, кошунасы, белгисиз адам тарабынан болгонун кабарлаган.
25 (балдар 4) же 4,2% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, мурунку күйөөсү, атасы, өгөй атасы, баласы, күйөө баласы, туугандары, психикалык жактан жабыркаган эжеси тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган.
18 (балдар 1) же 3,0% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, тайжеси тарабынан кайдыгер мамиле кылганы жөнүндө чалган.
17 (балдар 2) же 2,9% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, тез жардам кызматына даттануу, прививка, баласынын ооруусу, ден соолугунун көйгөйү, медициналык кызматтын акысы туралуу).
16 (балдар 6) же 2,7% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (батирдин ээсине, кошунасына, соцтармактардагы коркутуу, РФ куралдуу күчтөрүнө кошулуу жөнүндө пропагандалоого даттануу, кош бойлуу жашы жетелек келин жөнүндө маалымат, өзү жөнүндө аңгеме, «Түндүк» мампорталына катталуу, КР Президентине кайрылуу тууралуу).
13 (балдар 6) же 2,2% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү, анын иши жана 111дин постерлери жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.
8 (балдар 0) же 1,4% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (РИИБ, РЭСКМБтын, ССМ доктуруна, айыл өкмөткө, иш берүүчүгө).
3 (балдар 1) же 0,5% суицид жөнүндө чалган (баласынын ооруусу, дин агымын тандоосу себеп болгон, курбусуна жардам сураган).
1 (балдар 0) абонент же 0,2% мектептеги буллинг жөнүндө билдирген.
15098 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Түшкөн 589 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:
– Бишкек шаарынан – 143 (24,3%);
– Чуй облусунан – 113 (19,2%);
– Жалал – Абад облусунан – 62 (10,5%);
– Ош облусунан – 52 (8,8%);
– Ысык – Көл облусунан – 39 (6,6%);
– Ош шаарынан –22 (3,7%);
– Баткен облусунан – 20 (3,4%);
– Талас облусунан – 19 (3,2%);
– Нарын облусунан – 15 (2,5%);
– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 104 (17,7%).
Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.
51 кабарланган билдирүүнүн ичинен 40 (78,4%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 7 (13,7%) – ички иштер органдарына, ӨКМ – 2 (3,9%), КР Билим жана илим министрлигине – 1 (0,5%), Бишкек ш. Билим берүү башкармалыгына – 1 (0,5%) жөнөтүлгөн.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.
БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.
51 кабарланган билдирүүнүн ичинен:
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 2 факты анык болгон (1 үй бүлө арыз менен РИИБна кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБ жеткирилген), 4 факты факты аныкталган эмес, 1 факты боюнча небереси чоң энесине убактылуу камкордукка берилген;
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 1 факт боюнча аял РШИИБна арыз жазган, 1 аялга коргоо ордери берилген, 1 факт боюнча аял күйөөсү жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБнө арыз жазгандан баш тарткан, 1 факты боюнча атасы жана балдары көзөиөлгө алынган, 1 мас эркек РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетлек кызды апасы доктурга алып барган, 1 каралууда;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 1 факты боюнча чоң эне небереси үчүн милдеттенме алган, 1 кыз тайжесине убактылуу камкордукка берилген, 1 жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факт аныкталган эмес, 1 каралууда;
– суицид жөнүндө: 1 факт аныкталган эмес, себебеи абонент мас болгондуктан РИИБна жеткирилген, 1 каралууда;
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 21 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 4 каралууда;
– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, 1 каралууда;
– башка маселе боюнча: 1 каралууда;
– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг факт аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган.
2024 – жылдын I – кварталында (589 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын I – кварталынын (570 чалуу) деңгээлинде калган.