«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын март айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын март айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын март айында 6054 телефондон кайрылуу (бир суткада 195 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 173 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 45 же 26,0% жаш балдар, ал эми 128 же 74,0% чоң кишилер), 136 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 20 абонентке психологиялык консультация берилген, 17 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

173 чалуунун ичинен: эркектерден – 38 (22,0%), аялдардан – 90 (52,0%), эркек балдардан – 12 (7,0%), кыздардан – 33 (19,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 48 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 19 (балдар 12);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен  ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 19 (балдар 15);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 13 (балдар 3);

– билим берүү системасы жөнүндө – 11 (балдар 2);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 7 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 6 (балдар 1);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 6 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 5 (балдар 4);

– медициналык камсыздоо жөнүндө  – 4 (балдар 2);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө  – 3 (балдар 1);

– суицид жөнүндө – 3 (балдар 1);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 3 (балдар 0).

5881 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 41 (23,7%);

– Чүй облусунан – 38 (22,0%);

– Жалал – Абад облусунан – 18 (10,4%);

– Ош облусунан – 13 (7,5%);

– Ысык- Көл облусунан – 11 (6,4%);

– Ош шаарынан – 9 (5,2%);

– Баткен  облусунан – 3 (1,7%);

– Талас облусунан – 3 (1,7%);

– Нарын  облусунан – 3 (1,7%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 34 (19,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар