Айтыңыздар маарек болсун!
Урматтуу мекендештер, Айтыңыздар маарек болсун!
Орозо айт – кылымдардан бери элдин ынтымак, биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, руханий тазалыкка, сабырдуулукка, ак ниеттүүлүккө чакырган пакизалуулуктун майрамы. Айт майрамы элдерди бир туугандыкка, жылуу мамилеге, достукка, өз ара сый-урматта болууга үндөгөн. Жакшылыкка үмүт байлатып, жамандык жолдон арылтып, жакшы ниет-тилектер менен жан-дүйнөнү арууланткан.
Орозо айы – бул ыйман жаңыланып, адамдарга күч-кубат берүүчү жана жаратмандык менен эмгектенүү алып келүүчү кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн айы. Мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка бөлөнгөн бул берекелүү күндөрдө сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана бардык ой-тилектердин ийгиликтүү орундалышын, ар бир үй-бүлө очогунда бакубатчылыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалайм.
Жергебизде тынчтык, элибизде молчулук, токчулук болсун!
Урматтоо менен Министр Гулнара Баатырова