Эмгек министрлиги үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн 15,4 млн сомго мөөнөтү өткөн айлыкты төлөп берүүгө жетишти
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылдын башынан бери кызматкерлердин арыздарынын негизинде 266дан ашык текшерүү жургүзгөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 316 эмгек мыйзамдарын, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган. Эмгек инспекторлорунун кийлигишүүсүнүн аркасында 2024-жылдын биринчи кварталында жумуш берүүчүлөр кызматкерлерге 15 миллион 443 миң 421 сом өлчөмүндө кечиктирилген эмгек акы төлөшкөн.
Ведомство эскертет, ар бир кызматкер эмгек мыйзамдарын сактоо, орун алган мыйзам бузууларды жоюу жана эмгек укуктарын калыбына келтирүү маселелери боюнча Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматына кайрыла алат.