Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова иш менен камсыз кылуу тармагын реформалоо чаралары жөнүндө

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова квалификациялуу кадрларды даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча кыргыз-герман форумуна катышты.

Ал белгилегендей, дүйнө жүзүндө жаңы технологиялар эмгек рыногун активдүү өзгөртүп, кесиптик компетенцияларды жана көндүмдөрдү трансформациялоого алып келүүдө.

“Жаңы технологиялар биздин жашообузга тездик менен кирип жатат. Ошол эле учурда, алар адамды алмаштыруу катары эмес, тиешелүү чечимдерди талап кылган кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу катары каралышы керек.

Ошондуктан биздин алдыбызда жарандарыбыздын профессионалдык потенциалын тез арада жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү берүү милдети турат. Мисалы, технологиялар күнүмдүк физикалык жана интеллектуалдык эмгекти автоматташтырат, бухгалтердик эсеп, статистика, финансы ж.б.

Бул кесиптер боюнча орто тепкичти негизинен аялдар ээлегендиктен, аларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ишкердикте өзүн өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, заман агымы менен бирге маданиятыбыздын бир бөлүгү, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү курамдык бөлүгү болгон салттуу кол өнөрчүлүктү да унутпоо зарыл», – деди ал.

Жылдыз Полотова ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын потенциалын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды айтты.

«Иш менен камсыз кылуу кызматтарын реформалоонун алкагында биз адамдык капиталды өнүктүрөбүз, бул үчүн карьера жана кадр боюнча консультант катары квалификациясы бар адистер жумуш издегендерге, биринчи кезекте жаштарга кесипти жана ишке орношуу чөйрөсүн тандоодо компетенттүү жардам бере алышат. Кыргызстанда 35 жашка чейинки жаштар жумушчу күчүнүн 90% түзгөндүктөн, аларды кесипке үйрөтүү жана ишке орноштуруу Эмгек министрлигинин приоритети болуп саналат», – деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Пайдалуу
Ссылкалар