Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун түзүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 12-апрелде «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде, гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун түзүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун гендердик теңчилик жаатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда INL программасынын менеджери Микйан Ийи айым, Баңги заттарга каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча эл аралык бюронун директору Чарльз Хардевей мырза, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин жетекчиси А.М. Селезнев мырза жана менеджери Ж.Ж. Ракишевалар катышышты.
Жыйында Гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга ар тараптуу жардам көрсөтүлбөгөндүгү сыяктуу маселелер талкууланып, Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү өлкөнүн башка аймактарында да “Бирдиктүү терезе” түзүү зарылдыгын белгилешти.
Аталган жумушчу топ ЭСКММнин буйругу менен түзүлүп, анын курамына Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү жана эксперттери кирген.
Пайдалуу
Ссылкалар