“Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдарды колдоо боюнча” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Тегерек стол болуп өттү

2024-жылдын 11-12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасындагы “БУУнун Аялдары” агентствосунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылдын 7-мартындагы Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдарды колдоо боюнча” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Тегерек стол өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д. Ашимова, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве айым, Кыргыз Республикасындагы “БУУнун Аялдары” агенттигинин башчысы У. Жамсран айым, өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык секторлордун өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов өз сөзүндө Аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттери зарыл экендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, аялдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстан үчүн стратегиялык артыкчылык болуп саналат.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Ашимова Мамлекеттик программаны ишке ашырууну колдоп, бул программаны ишке ашыруу үчүн коомдук колдоо зарыл экендигин, бардык мамлекеттик деңгээлдердеги квоталардын аткарылышын талдоо талап кылынарын белгиледи.
Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве айым Мамлекеттик программанын максаттарына жетүү үчүн эл аралык коомчулуктун жардамынын маанилүүлүгүн, бул багытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракеттерин, БУУ мындан ары да колдоого даяр экендигин айтып өттү.
Пайдалуу
Ссылкалар