Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 200 баш саан уй тапшырылды

Бүгүн, 12-апрелде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ысык-Көл облусунда өткөн жарманкеге жана Тоң жана Жети-Өгүз райондорунунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө Кумтөр Голд ЖАКУ тарабынан 200 баш саан уйлар берилген иш-чарага катышты. Жолугушууда министр КР Президенти С.Н. Жапаровдун жеке демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык контракт долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө берилет деп белгиледи. Ошондой эле, бул долбоордун алкагында 23 миңден ашык жумуш орун түзүлөрү пландалып жаткандыгын, анын ичинен 1 100дөн ашууну Ысык-Көл облусуна туура келерин айтты.
“Учурда Ысык-Көлдө 1136 үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен чакан ишкана ачкан. Катышуучулардын эң көп саны Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жашашат. Облуста негизинен мал чарбачылыгы жана тигүү өндүрүшү боюнча долбоорлор ишке ашырылат. Ошол эле учурда бардык аймактарда коомдук тамактануу, сулуулук салонунун тейлөөсү, транспорттук ташуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Маалыматтык технологиялар тармагы боюнча долбоорлор Каракол шаарында жана Жети-Өгүз районунда, курулуш тармагы боюнча Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда иштелип чыгууда», – деди ал.
Министр Гүлнара Баатырова өз сөзүндө Ысык-Көл облусунда социалдык контракттын катышуучуларынын 94% аялдар экенин кошумчалады.
«Социалдык контракттын алкагында негизинен айыл жергесинде жашаган аялдарды бизнес жүргүзүүнүн жана ишкерликтин негиздерине үйрөтүү боюнча бир топ иштер аткарылып жатат», – деп белгиледи министр.
Гулнара Баатырова Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, министрликтин жана жеке өзүнүн атынан “Кумтор Голд Компани” Жабык акционердик коомуна ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, министр Жети-Өгүз районунун улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмө-жарманкесине катышты. Жарманкеде Социалдык контракт долбооруна катышып, иштери ийгиликтүү жүрүп жаткан жарандардын өз колдорунан жасалган азыктары көрсөтүлдү.
контракта.
Пайдалуу
Ссылкалар