Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери өндүрүштө жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык акча төлөндү

2024-жылдын биринчи кварталында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы 38 өндүрүштүк кырсыкты иликтеген.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө 12 млн 101 миң 429 сом төлөнүп берилген.
Мекемеден билдиришкендей, былтыркыга салыштырмалуу эмгекти коргоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын саны өсүп, айып пулдун суммасы 777,5 миң сомдон ашкан.
Бул убакыттын ичинде эмгек инспекторлору 20 соттук отурумга эксперт, консультант, үчүнчү жак жана жоопкер катары катышкан.
Кызмат тарабынан 2024-жылдын биринчи кварталында КР эмгек мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактарга 1352 акысыз консультация берилди.
_______
Пайдалуу
Ссылкалар