Эмгек министрлигинде дискриминацияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгуу талкууланды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт дискриминацияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгууну БУУ АУЖКБ делегациясы менен талкуулады.

Ал Кыргыз Республикасынын ар кандай категориядагы жарандардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди. Министрлер Кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы бекитилгени айтылды.

Өткөн жылы өлкө БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы жөнүндө бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамасын жана бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө баяндамасын коргогон.

Дарманкул уулу Бакыт дискриминацияга каршы комплекстүү мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча практикалык колдонмону иштеп чыгууда колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР Юстиция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар