«Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн кантип арыз берүү керек?

 

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн кантип арыз тапшыруу керектиги тууралуу айтып берди.

«Социалдык контрактты» социалдык паспорту бар же «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. Социалдык контракт программасына катышуу чечими ыктыярдуу, эч ким үй-бүлөнү өз бизнесин ачууга мажбурлоого укугу жок.

Эгерде үй – бүлө мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин баштоо чечимин кабыл алган болсо, анда райондордо жашагандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ал эми облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын тургундары КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлери бизнес-планды жана социалдык адаптациялоо программасын түзүү боюнча, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришет.

Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча бир Комиссия тандоону жүзөгө ашырат. Райондордо тандоону эки баскычтуу комиссия жүргүзөт: Социалдык маселелер боюнча комиссия жана социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия.

 

Пайдалуу
Ссылкалар