Эмгек министрлиги: 9-Майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат

 

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-Майга карата кандай төлөмдөр берилерин айтып берди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылга 9-Майга карата төлөмдөргө 9934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт:

 

– улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 600 сом өлчөмүндө;

– улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;

– концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары  – 8 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;

– “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;

– улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1 адам – 15 200 сом өлчөмүндө;

– улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам – 15 100 сом өлчөмүндө.

 

Жалпысынан 637 адам 9934,5 миң сом бир жолку акчалай жөлөкпул алат

Пайдалуу
Ссылкалар