Эмгек министрлиги: Кыргызстандыктар май айында кандай эс алат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет.
– 1-май – Эмгек майрамы;
– 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
– 9-май – Жеңиш күнү.
Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
2024-жылдын 2-майынын (бейшемби) ордуна 2024-жылдын 6-майында иштейбиз, 2024-жылдын 3-майынын ордуна (жума) 2024-жылдын 11-майында иштейбиз (ишемби).
Ошондой эле, 2024-жылдын 9-майы расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.
Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 1, 6 жана 9-майында эс алаарын белгилейбиз.